Сайт жасоо боюнча теориялык экскурсия. 06.04.2014

Эн биринчи кадамым www.ucoz.ru системасында даяр сайт тузуу болду. Менин оюмча жаныдан кадам шилтегендер учун бул эн жакшы система. Сайт тузуу бекер, жана даяр шаблондордон тузулот. Бир тоскоолдук бар, бул www.ucoz.ru тарабынан корсотулгон реклама. Биринчи кездерде ucoz системасындагы сайтыма статьяларды жазып жаттым.

Статьяларды жазуу абдан кызыктуу экен деп айталам, себеби ардайым алдыга умтулууга туура келет экен, статья жазыш учун жаны идея жана билим керек. Ошондуктан билиминди жогорулатуу керек, бугун кечекиге караганда, аз да болсо алдыга жылмайынча прогресс болбойт.

Linux системасын компьтерге орноттум. Эн негизги жакшы жактары бул легалдуу жана бекер система. Ар дайым системаны интернеттен жалай алсак болот. Бирок кыйынчылыктар дагы бар система татаал, ар дайым форумдардан жана издоо системаларынан суроолорго жоопторду издегенге туура келет.

Минималдуу оной сайт жасоо учун текстик редактор жетиштуу болот. Менин учурумда бул Gedit текстик редактору, мага абдан жакты. Менин Linux Mint системамда ушул редактор бар экен.

Эн негизгиси Html жана CSS дегендерди уйронуу керек. Биринчи кездерде минималдуу командалар менен деле сайтты тузсо болот бирок бара бара код татаал болуп кете берет, жаны тегтерди сайтка кошо берип билим осо берет. Биринчи сайтыма караганда азыркы сайтым такыр болок себеби анда сайт жонокой болчу бара бара кундон кунго жаны ыкмалар кошула берди сайт татаалдай берди. Жаны суроолор пайда болуп аларга жоопторду интернеттен табып сайтыма кошо бердим.

Html жана CSS бул жонокой файл, ичинде командалар жазылуу. 20 чакты комманда менен сайт жасап койсо болот, болгону аларды айкалыштырышты билиш керек. Негизги принциптерин тушунуу керек, баардык коммандаларды жаттоо эмес, китептерди жана маалымат булактарын туура колдонуу абзел.

Хостинг - бул сайт учун диск, сайт ушул жерде сакталынат, ал учун хостинг провайдерлерге аренда толоо керек. Доменное имя - биздин сайтыбыздын дареги, мисалы www.apple.com же www.namba.kg, ал дарегти алуу учун жылына аренда толоо керек.

Сайт жасоо учун жылына 2000 сомдой каражат керек. Хостинг - Кыргызстанда эн женил жана арзан тариф, айына 100 сом, башка тарифтер андан жогоруу баада, жылына 1200сом. Доменное имя - жылына 400 сомдон башталат. www.site.kg домени 2000 сом ал эми www.site.com домени 600 сом.

Жыйынтык план.

1. HTML-CSS жонундо базалык маалымат алуу. Башталгычтарга 20 чакты комманда жетиштуу, бирок кундон кунго коммандаларды кобойту керек.
2. Текстик редактордо сайт тузуу.
3. Хостинг провайдер менен суйлошуу, жана аларга домен жана хостингке аренданы толоо.
4. Аренда тологондон кийин сиздерге хостинг провайдердин сайтында аккаунт ачылат жана логин пароль берилет.
5. Акаунтту ачып социалдуу тармактарга сурот жутогондой эле жасалган сайтты хостингке жуктойбуз.
6. Сайт жасоо ушуну менен бутту.

comments powered by Disqus